Кыргызстан "7-апрель элдик революция күнүн" белгилеп жатат. Кошек кыргызча


Кошоктор

Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын ичинен үрп-адат, салт ырлары кеңири орунду ээлейт. Мындай ырларга кошоктор (киши өлгөндөгү, кыз узаткандагы), керээз, арман, бешик, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырларынын кээ бир түрлөрү ушул күнгө чейин эл арасында кенири сакталып келе жатат. Кошоктор адегенде адам өлгөндө ырдалган, айтуучунун ички кайгы - сын, өкүнүүсүн, күйүтүн чагылдырган. Кошоктор: киши өлгөндө кошулуучу жана кыз узатууда кошулуучу кошоктор болуп экиге бөлүнөт. Киши өлгөндөгү кошокторго "Карагул ботом", "Устанын аялынын кошогу", "Күлбөскандын кошогу", "Мергенчинин аялынын кошогу" ж. б. кирет.

Устанын аялынын кошогуБалкасы менен зер чапкан,Бармагы менен мал тапкан.Кычкачын кармап, зер чапкан,Кызматы менен мал тапкан.Көөрүгүн күндө өкүрткөн,Көмүрүн сактап, бекиткен.Баянын айтам бир канча,Балкасын койбой секирткен.Асылым уста, арстаным,Бактыма кудай жазганым.Балаңа калды мүлк болуп,Болоттон соккон барсканың.Дөөнгүң калды темирден,Көз ачык өттүң өмүрдөн.Чың темирди балкытып,Өнөрүң ашты көмүрдөн.Жалпы журт пайда көрсүн деп,Жасадың таштан тегирмен.Туйгунум - устам барында,Тууганы нанга кенелген.Көзү ачык сенин балдарың,Көтөрүп нанды кемирген.Жайдарым, сендей табылбайт,Жалпы бир элет элиңден.Суй салып ойноп жүрчү элем,Сымбатым артып келинден.Каз элечек мен элем,Тойгузган эрим сен элең.Каз элечек жыйналды,Кара бет какшап ыйлады.Торко элечек жыйналды.Кадимки кадыр сый калды.Арманын айтып кара бет.Азабың тартып кыйналды.Кара бет менин үстүмдө,Калдайган калың чыр калды.Береним, уста өлгөн соң,Беш бармак тийди бетиме.Жүдөп-какап, кор болуп,Жүрөмүн калктын четинде.Өзүңдөн калган үч балаң,Эсен жүрсө, эр жетер,Эр жеткенче, эс кетер.Эсине албай дос кетер,Карыптык башка келгенде,Кайгы менен күн кечер.Эмгек кылсак эринбей,Эптеп-септеп күн өтөр.

Кыз узатуу(Жеңесинин коштошкон кошогу)

Аркадагы көк конуш,Алты ыстарчын бир болуш,Атакең тапкан жай конуш.Жай конушка конуп ал, Кызыке,Жайдары келин болуп ал!Желкедеги бир конуш,Жети ыстарчын бир болуш,Энекең тапкан жай конуш.Жай конушка конуп ал, Кызыке,Жайдары келин болуп ал!Сары атка тумар тагып ал, Кудагый,Салкын жерге багып ал!Салкын жерге бакпасаң,Санатылуу малыңды ал!Көк атка тумар тагып ал,Көлөкө жерге багып ал!Көлөкө жерге бакпасаң,Көпкө түшкөн малыңды ал! Бийкеч жан,Көгөргөн тоонун чокусу,Көккө бир жакын көрүнөт.Жат элге кетип барам деп, Кызыке,Көңүлүң жаман бөлүнөт.Жай кийгениң мүлк эле,Кыш кийгениң түлкү эле.Отурган жериң, кыз бийкем,Оюн менен күлкү эле.Оюн, күлкү тыйылар,Кожо, молдо жыйылар.Кокустан нике кыйылар.А тоонун башы көбүргөн,Бу тоонун башы көбүргөн, Бийкеч жан,Ата-энеден бөлүнгөн.Тескейден аккан булак бол, Бийкеч жан,Теңтушуң менен ынак бол!Күңгөйдөн аккан булак бол,Күйөөң менен ынак бол!

Теңсиз турмуштун айынан жаралган кайгы-муңдуу чыгармалар, ар - ман ырларын түзөт. Арман ырлары өзүнүн тематикасы, мазмуну жагынан ар түрдүү: "Жокчулуктун арманы", "Карылыктын арманы", "Койчунун ар - маны", "Кыздын арманы", "Сокурдун арманы" ж. б.

"Жокчулуктун арманы"Беш айчыктуу кызыл тон,Кийгизбедиң жокчулук.Безелентип боз жорго,Мингизбедиң жокчулук.Алты айчыктуу кызыл тон,Кийгизбедиң жокчулук.Алчаңдатып боз жорго,Миңгизбедиң жокчулук.Карагандуу кайкы жол,Кондурбадың жокчулук.Каршы алдымдан сен чыгып,Ондурбадың жокчулук.Бетегелүү сары жон,Кондурбадың жокчулук.Бет алдымдан сен чыгып,Оңдурбадың жокчулук...

Төркүнүнө жетпеген кыздын арманыСуурулсун тулпар туягы,Курусун кыздын ыраагы.Ак түйүнчөк түйгөндөй,Данакер бекен кыз байкуш?Ат жеткис жерге бергидей,Күнөөкөр бекен кыз байкуш?Көк түйүнчөк түйгөндөй,Данакер бекен кыз байкуш?Көз көргүс алыс бергидей.Күнөөкөр бекен кыз байкуш?Тобурчак аттын токтугу,Тозоктуу көлдүн окчуну,Төркүнүм көлдө, мен мында,Ичимде толгон көп муң да.Тобурчак аттын туягы,Тозоктуу көлдүн ыраагы.Куркулдайдын уясы,Кургак да бекен, суу бекен?Куруп калган бир тууган,Оору да бекен, соо бекен?Ашуунун бели ак кезең,Кара да бекен, кар бекен?Кайрыларым бир тууган,Аман-эсен бар бекен?

Койчунун арманыКойчу болдум башынан,Кордукту тарттым жашымдан.Кошомат кылып кой бактым,Курсагымдын ачынан.Чокоюм буттан суурулуп,Чор болду таман туурулуп.Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү,Чокудан бир күн буулугуп?Чарыгым буттан суурулуп,Чарчадым таман туурулуп.Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү,Чокудан бир күн буулугуп?Эшикке жатсам, эчки капыр тебелейт,Үйгө жатсам, байбиче капыр жемелейт.Тезек тер деп кап берет,Үйгө кирсем, көсөө менен тап берет.Эшикке жатсам курушуп,Кой, эчки менен урушуп.Каржалсам билчү киши жок,Ачка жатсам тырышып.Кара өгүз минсем камчым жок,Үйгө келсем, тынчым жок.Муңканып зарлап ыйласам,Арманым угар киши жок.

tyup.net

Кыргызстан экспортивал собак, кошек и одного осла | Новости

Кыргызстан экспортивал собак, кошек и одного осла

Весьма забавную статистику привели на днях в кыргызском Министерстве сельского хозяйства. С начала года соседняя страна экспортировала 900 собак, почти 300 кошек и одного осла. При этом кыргызские чиновники не без гордости отмечают: эти цифры – показатель настоящего прорыва в сельскохозяйственной отрасли.

По сравнению с прошлым годом экспорт домашних животных вырос на целых 140 процентов! В приведенной таблице указываются лишь общие данные экспорта-импорта животных и продуктов животного происхождения. Кыргызские чиновники не  уточняют, для чего кыргызских кошек и собак вывезли за границу. Скорее всего, домашних животных из страны забрали с собой туристы. А вот о судьбе отечественного ослика в Министерстве сельского хозяйства, оказывается, знают. Он отправился в Россию, чтобы выступать в московском цирке.    

Самат Алиев, управление животноводства Министерства сельского хозяйства КР:

- Деньги поступают в экономику Кыргызстана, поддерживают экономику Кыргызстана. Мы экспортируем в такие страны как Иран, Арабские Эмираты, Кувейт - новые рынки Кыргызстана. 

www.ktk.kz

Алтымыш жети жыл жаңырган кошок

Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну Салима Жадилова 2006-жылы 85 жашында дүйнө салган. Ал 1939-жылы аскерге чакырылып, андан ары согушка кетип дарексиз жоголгон Назир аттуу агасын өмүр бою күтүп жүрүп, көзү өттү. Дарексиз кеткен агасына арнап чыгарган армандуу кошогун да өмүрү өткөнчө айтып жүрдү. Салима апа 18 жашка чыкпай жатып агасынан айрылса, андан көп өтпөй ата-энесинен ажырап, согуш жылдарында томолой жетим калган экен. Салима апанын 80 жаштан ашканда да айтып жүргөн бир топ кошокторун мындан 15 жыл мурун жаздырып алган элем. Аларда бир үй-бүлөнүн эмес, алаамат согушка жакыны кеткен ар бир адамдын арманы, дегеле бүт өлкөнүн муң-зары катылгандай. Салима апанын кошокту айтуу стили сакталды.

Мен жүрөмүн сабылып,

Жүрөгүм сени сагынып,

Кечигесиң келбейсиң,

Кеттиң беле таарынып?

Караван менен мунараң,

Сүрөтүңдү сурунам,

Сүрөтүңдү бербесең,

Сураган менин убарам.

Жетимдик кыйын билгенге,

Эмне болбоң шол бол деп,

Энем таштап кетти эле.

Акеси келип багат деп,

Атам таштап кетти эле.

Кеткенинен келбеди да,

Кемиген жүрөк толбоду.

Солдаттан балам келет деп,

Элим үйгө толот деп,

Атам кетти дүйнөдөн.

Энеңдин аты эмне деп,

Журналга жазып алам деп,

Актуйгун деп ат койгон,

Энем кетти дүйнөдөн.

Кыз алган жарың Уринса,

Сендейди издеп табалбай,

Маңыроо башы маң болуп,

Алмадай башы гаң болуп,

Бул да кетти дүйнөдөн.

Балапан элең кеткенде,

Агала сакал чал болдуң,

Кайрылбаска дал болдуң.

Тууган-урук баарыбыз,

Бир көргөнгө зар болдум.

Кырчын элең кеткенде,

Кыркма сакал чал болдуң,

Кылчайбаска дал болдуң.

Тууган-урук жалпыбыз,

Бир көргөнгө зар болдум.

Айланайын шейитим,

Кайларда калды бейитиң?

Жашыл ала кекилик,

Жардан жарга секирип,

Кырчын жигит канатым,

Кайларда калды бекинип?

Кызыл ала кекилик,

Кырдан кырга секирип,

Кырчын жигит канатым,

Кайларда калды бекинип?

Аптамат мылтык асынып,

Аяктай ташка жашынып,

Жолуңда жолборс жаттыбы?

Жолуккан герман аттыбы?

Жолуккан герман атканда,

Журтуңа көзүң саттыңбы?

Көк бараң мылтык асынып,

Көнөктөй ташка жашынып,

Балапан жигит канатым,

Жолуңда жолборс жаттыбы?

Жолуккан герман аттыбы?

Жолуккан герман атканда,

Тууганга көзүң саттыңбы?

(Салима апанын кошок айтып жаткан видеосу. Ал кошокту 2000-жылы Жеңиш күнүнө утурлай айылда уюштурулган иш-чарада айткан).

От боюнда кумганды,

Алып колуң жуудуңбу?

Элимден алыс калдым деп

Зоргодон көзүң жумдуңбу?

Кемегеде кумганды,

Алып колуң жуудуңбу?

Туугандан көрбөй калдым деп

Зоргодон күдөр үздүңбү?

Алтындан жүгөн кашкасы,

Аттиң бир жандын башкасы,

Түшалбайт экен арага,

Болалбайт экен садага.

Күмүштөн жүгөн кашкасы,

Курусун жандын башкасы.

Түшалбайт экен арага,

Болалбайт экен садага.

Жагалмай шакка конорбу,

Кудай таала жан эгем.

Бириңди бириң көрбө деп,

Буйругу шундай болорбу?

Турумтай шакка конорбу?

Жараткан жапар эгемдин,

Бир-бириңди көрбө деп,

Буйругу шундай болорбу?

Асманда жылдыз бир бекен?

Тактектен түшкөн солдаттын,

(Тактек азыркы Ынтымак айылынын эски аты)

Баарынын жаны бир бекен?

Түлкүдөй окшош болбой кал,

Тактектен түшкөн солдаттар,

Түгөйлөшүп жатпай кал.

Коендой окшош болбой кал,

Тактектен түшкөн солдаттар,

Коюндашып жатпай кал.

Арнап барган жерлериң,

Ак нават салып чай берсин,

Ак бейиштен жай берсин.

Күсөп барган жерлериң,

Гүл мейиз салып чай берсин,

Гүл бейиштен жай берсин.

Кайрылып чыккын гүл менен,

Кайырлаш болгун үр менен.

Буралып чыккын гүл менен,

Бурадар болгун үр менен.

Карасын кийбей күрмөнүн,

Кадырын сүрбөй дүйнөнүн.

Кадырын сүрөр кезиңде,

Катуусун көрдүң согуштун.

Кызылын кийбей күрмөнүн,

Кызыгын сүрбөй дүйнөнүн.

Кызыгын сүрөр кезиңде,

Кыйынын көрдүң согуштун.

Азууларын арсайтып,

Аз өлүмдү көп кылды,

Муруттарын чычайтып,

Эр өлүмүн көп кылды.

Каанасы күйсүн германдын,

Катыны өлүп кор болсун,

Эр-жигитке зар болсун.

www.azattyk.org

Күч түзүмдөрү бизнести тоорубай, коруса

Азиза Марат кызы Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жүк ташуучу унаалар Image caption Жүк ташуучу унаалар

Бир жарым миллиондой сомдук товарын алдырган ишкер Нурбек үч айдан бери иш козгото албай жаканын айтып, Би-Би-Сиге кайрылды. Анын ишениминде, шектүүлөр тергөөчүлөргө акча берип койгон. Ал эми Кыргызстандагы адвокаттар союзунун мүчөсү Адилет Исраилов өлкөдө бийлигиң, байланышың же акчаң болбосо укугунду эч ким эске албайт деп абалды кыска сүрөттөдү.

Жүгүн алдырган ишкердин абалы

Орусияга каттаган ишкер Нурбек өткөн жылы күздө Омск шаарына 20 тонна жүк жиберет. Келишим түзүп, жүк ташуучулардын кепилдигин алганына карабай, жүгүнөн да, акчасынан да куру жалак калганын айтууда.

Арыз жазганына карабай, октябрдын аягынан бери иши териштириле элек:

“Чыгымымды төлөп берсин деп ар эшикти каккылап жүрөм. Ал жүккө мен 1,2 рубль чамасында же 1,5 млн сомдой коротком. Жеке мага таандык жүктү айдоочулар өз билемдик кылып ачкан, жерге түшүргөн. Болжолдуу беш-алты тоннадайын саткан. Аны сатып жибергенин Карагандадагы тааныштар интернет байланыш аркылуу тастыктаган үндөр бар”.

Унаага жүктөгөн кара өрүктү айдоочу менен жанындагы өнөктөшү чачканын чачып, сатканын сатып салган да качып кеткен. Анысы аз келгенсип, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аркылуу кайра өзүн коркуткан.

“Кылмышкерлерди салып, кайра мени коркутат. Мен кайра ал кылмышкерлер менен тил табышып, түшүндүрүп бердим. Алар өзүң күнөөлүү экенсиң деп айдоочуга күнөөсүн коюп беришти”, - деди Нурбек.

Милицияга кайрылып жыйынтык болбогондо ишкер ушинтип кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ортого салган.

Бирок азыркыга чейин акчасын төлөтүп ала элек. Бишкекте милицияга жазган арызынан майнап чыкпай, дээрлик үч жарым айдан бери иш ачтыра албай келатканын айтты. Нурбек кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар айдоочулардын укук коргоо тармагында да калкалоосу бар деп ойлойт.

Болбосо дээрлик 1,5 млн сомдук зыяндын артынан түшүп эч кимдин иликтебегенине башка себеп таба албай убара.

Кыскарган кылмыш иштери коррупциянын белгиси

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупцияны жоюуга тармактардын өзүнө убакыт берди

Нурбек ишкердин окуясы албетте териштирилүүсү керек болгон жеке учур.

Ал эми бир адвокаттын тажрыйбасында кылмыш иши козголбой же ачылган иш кыскарып кеткен учур канчалык көп?

Адвокаттар союзунун мүчөсү Адилет Исраилов айына болжолдуу он беш иш караса, бардык жагдайлар жетиштүү учурда да орточо үчөөнө иш козгото албайт же кыскарып кетет.

“Таанышың же акчаң жок болсо, сенин укугуң жаныбардыкындай да эмес. Канча деген адамдар адилеттик издеп жүрөт. Ооба, мурункуга салыштырмалу укук коргоо же көзөмөл органындагылар ички тартибин карап жатышат, аларга каршы коррупциялык кызматтар түзүлдү. Андыктан бизге да мыйзам бар турбайбы деген бир ойго жетишти. Бирок натыйжа биз каалагандай деңгээлде болбой жатат”, - деди Би-Би-Сиге адвокат.

Адилет Исраилов иш козгобой койду, ишимди кыскартып салды деп абдан көп адам адвокаттарга кайрылат деди. Ал ошол эле учурда юрист катары иш козголбой турган жагдайлар бар экенин жокко чыгарбайт.

Анткен менен 2016-жылы прокуратура жүргүзгөн 8800гө чукул текшерүүнүн сегиз гана пайызына кылмыш иши ачылып, анын 50 пайызы гана сотко өткөнүн, жыйынтыгында бир жылда сегиз иш боюнча гана айыпталуучу жоопко тартылганын президент Сооронбай Жээнбеков өзү билдирди. Күнөөлүү айыбын тарткан бул сегиз иш сотко өткөн иштердин 1,6 пайызын гана түзүүдө.

Президент прокуратурадан сырткары укук коргоо, сот, финансылык полиция жана коопсуздук тармагындагы бул сыяктуу сандар тармактардын өзүндө коррупция бар экенин көрсөтөт деди.

Image caption Акыркы эки жылда 76 миңден ашык кылмыш иши козголсо, 30% гана сотко өткөн. Иштин 12% боюнча гана күнөөлүү жоопко тартылган

Ал экономиканын өнүгүшү үчүн бизнести тонобой, коргоого чакырды.

“Биз бизнеске жардам бермейинче, аларды жок кылгандын ордуна колдомоюнча өлкөгө инвестиция да келбейт, таза бизнес өнүкпөйт. Ким өнүгөт, ошо коррупцияны колдогон, калкалоосу барлар өнүгөт. Таза бизнес атаандаш боло албайт. Анткени коррупция менен иштеген бизнес мамлекетке салык төлөбөйт. Ал эми салык төлөгөн, биздин айлыкты көбөйтүп жаткан бизнестердин көбү жабылып калууда, сыртка чыгып кетүүдө”, - деди Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы маселе боюнча өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Күнөөсүздөргө иш ачылган учур да көп

Президент өз сөзүндө же ары же бери болбой сот чечимин төрт-беш жылдап күткөн мисалдарды келтирди.

Мындай жагдай бир гана жарандын өзүнө эмес, бүлөсүнө да таасир этип жатат деди.

Адвокат Адилет Исраилов далилдер болбосо да, бир гана адамдын көрсөтмөсү менен СИЗОдо айлап жылдап жаткандардын ден соолугу бузулуп, бүтүндөй үй-бүлөлөр талкаланып жатканын коушмчалады. Исраилов андайлар акталып чыккан учурда да мамлекет же башка органдар компенсация төлөбөйт деди.

Ал эми шылуун жүк ташуучуларга 1,5 миллион сомду алдырдым деген ишкер Нурбек тескерисинче күнөөлүүлөрдүн изинен өзү гана түшүп келатат.

Жогорудагыдай айыптоолорго жана президенттин сынына прокуратура, Ички иштер министрлиги ички териштирүүлөрдү жүргүзүп жатабыз деп жооп берди.

www.bbc.com

Кыргызстан сталиндик репрессия курмандыктарын эскерүүдө

"Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. Image caption "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Кыргызстанда мындан 80 жыл мурунку сталиндик репрессия курмандыктары эскерилүүдө. Буга байланыштуу Бишкекте эл аралык илимий жыйын өтөт.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана "Мурас" фонду тарабынан демилгелеген жыйын "Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деп аталыш менен өтүүдө.

Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер "Ата-Бейит" деп аталды.

Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. "Ата-Бейит" деген атты жазуучу сунуштаган экен. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Image caption Атасынын айткан аманатын жарым кылым сактап жүрүп, кийин Кыргызстан эгемендик алган жылдарда тиешелүү кишилерге айтып, "Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева.

НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу

1937-жылы 31-июлда СССР тарыхындагы эң үрөй учурган документке кол коюлган. Ал документ НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу эле.Теориялык жактан алганда массалык террорго Сталиндин тезиси негиз болуп берген десе болот. Ал 1928-жылы 9-июлда БКнын (Борбордук комитет) пленумунда социализмге алып бара турган таптык күрөш солгундаган жок, кайра күчөп жатат деп айткан.

1934-жылы 4-декабрда ленинграддык партуюмдун жетекчилеринин бири Сергей Кировдун өлүмүнөн үч күндөн кийин (иликтөөчүлөрдүн айтымында аны Сталин өзү уюштурган) СССР БАКтын (Борбордук аткаруу комитети) президиумунун токтому чыккан. Токтомдо мамлекеттик кылмыш боюнча айыпталгандардын ишин тездетилген тартип менен кароо, кечирим берүү жана даттанууну кабыл албоо, соттун чечиминен кийин өлүм жазасына кесилгендердин өкүмү тез арада аткаруу каралган.

Көрүнүп тургандай Сталин туташ тазалоо боюнча соңку чечимди 1936-жылдын 25-сентябрынан кечикпей эле, Сочиден саясый бюрого жолдогон НКВДнын жетекчиси Генрих Ягоданын ордуна Николай Ежовду дайындоо тууралуу атактуу телеграммасынан кийин кабыл алган.

Жаңы дайындалган эл комиссары ишке олтуруп олтура элек Сталинге баяндама жөнөтүп, анда «Дээрлик көп сандагы атууларды ишке ашырууга туура келет» деп жазган экен.

Даярдык жана бошоп калган бурамаларды бышытуу он айга созулган. 1937-жылы февраль жана март айларында Бүткүл союздук коммунисттик партиянын БКсынын бир жарым аптага созулган жыйыны өтөт. Мынчалык узак убакытка уланган жыйындагы негизги маселе эле «эл душмандары» менен күрөшкө арналган. Чыгып сүйлөгөн 72 кишинин 52си Сталиндин багыттарын бекем колдогонуна карабай, кийин өздөрү репрессияга кабылган.

27-февралда «партиянын сүймөнчүгү» Николай Бухарин жана Лениндин мураскери саналган Алексей Рыков камакка алынган. 22-майда маршал Тухачевский камакка алынганы армиядагы массалык репрессиянын башталышы болуп калды.

16-июлда Сталин жеке өзү НКВДнын жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, алдыдагы акцияны майда-чүйдөсүнө чейин талкуулайт. Жыйынга катышкандардын эскерүүлөрүндө, Ежов: "Эгерде бул операциянын жүрүшүндө ашыкча миң киши атылып кетсе, анын эч кандай кесепети тийбейт. Батыл аракеттенип, камагыла, кийин териштирип аласыңар" деп айткан экен.

Террордун чегинен ашканы

Сүрөттүн автордук укугу ТАСС Image caption "Ежов аларды Сталин союл катары пайдаланганын түшүнгөн, төгүлгөн абийирин басуу үчүн арак ичкен». (Никита Хрущев)

Ежовдун буйругу менен 31-июлдан тарта «максаттуу топтор» аныкталып, мурунку «кулактардын», антисоветтик партиялардын», «көтөрүлүшчүл, шпиондук түзүмдөрдүн мүчөлөрүн», «троцкийчлерди», «чиркөөгө жакын кишилерди» камоо, эч кимди унут калтырбаш үчүн «активдүү антисоветтик элементтер» деген айыптоо менен камкка алуу башталган.

Бүтүндөй Советтер Союзунун бардык чөлкөмдөрүндө репрессия кеңири жайылып, ишке ашкан.

Биринчи жолу массалык түрдө кишилерди атуу 1937-жылы 2-августта Ленинграддын алдындагы Леваш полигонунда жана 8-августта Подмосковьедеги Бутов полигонунда орун алган. Ушул эки гана жерде 45 жана 20 миң киши атып өлтүрүлгөн.

Башында бүт өлкө боюнча 76 миң кишини атууга өкүм кылып, 200 миңдей кишини ГУЛАГ жазасына тартуу пландалган экен. Бирок обкомдордун секретарлары жана НКВДнын жер-жерлердеги баштыктары «лимитти көбөйтүү» тууралуу өтүнүч келтиришет. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда Сталин эч кимдин өтүнүчүн четке каккан эмес.

Жалпы жонунан 1937-жылдын августунан 1938-жылдын ноябрына чейин НКВД 1 млн 548 миң 366 кишини камакка алган. Алардын 1 млн 344 миң 923ү сот жообуна тартылып, 681 миң 692 киши атылган. Орточо алганда күнүнө бир жарым миң киши атылып турган.

Атууга өкүм кылынгандардан сырткары 115 миң киши «тергөө учурунда каза тапкан», башкача айтканда кыйноолордон көз жумган. Алардын арасында, маселен маршал Василий Блюхер мерт болгон.

1938-жылы 25-ноябрда Ежовду кызматынан алышкан. Кийин аны атып салышкан. Кийин 150 миң киши абактан бошотулган. Негизинен алар мамлекетке керектүү болгон техникалык адистер жана аскер кызматкерлери эле.

Белгилүү болгондой Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы белдүү кол башчылар Константин Рокоссовский, Кирилл Мерецков жана Александр Горбатов ошол кезде бошотулган. Бирок бошотулгандар арасында жөнөкөй кишилер дагы көп болгон экен. Маселен, Михаил Горбачевдун чоң атасы.

Күч түзүмдөрүн Ежовчулардан «тазалоонун» жүрүшүндө 7 372 кызматкер жумушунан бошотулуп, алардын 937си соттолгон.

Кимдин күнөөсү?

Азыркы иликтөөчүлөрдүн айрымдары (Евгений Добренко, Олег Хархордин) Чоң террордун себебин, дегеле советтик режимдин мындай абалын ошокездеги коомдогу саясый маданияттын төмөндүгү, агрессивдүүлүк, сабырсыздык, жамааттык жек көрүүчүлүктүн өөрчүгөнүнөн көрөт.

Сталиндин биографы Эдвард Радзинскийдин болжолунда, Сталин өзүнүн пайдасы үчүн улуттук мүнөздөгү алешемдиктерди пайдаланып, массага Лениндин образындагы кудайды, өзүнүн кейпиндеги падышканын моделин берди.

Ошол эле учурда «Мемориал» коомунун илимий кызматкери Никита Петровдун пикиринде, жөнөкөй жарандардын аракеттери, айталы анонимдүү каттар репрессиянын негизги кыймылдаткыч күчү болгон эмес.

«Террор негизинен мамлекетти башкарган белгилүү чөйрө тарабынан бир катмардагы кишилерге каршы максаттуу багытталган. Дооматтардын чоң бөлүгү НКВДнын штаттан сырткары кызматкерлери тарабынан жеткирилип турган. Дээрлик өлкөнүн жарымы «сөз ташып турган» деген бул абсолюттуу миф», -дейт иликтөөчү.

Үч түрдүү максат

«Сталиндин эпохасындагы репрессиянын логикасы даана көрүнүп турат. Катаал, ырайымсыз, бирок логикасы: СССРдин калкын «кем акылга» айлантуу»,-дейт тарыхчы Андрей Буровский.

Иликтөөчүлөр мунун биринчи себебин «башчынын» өзүнүн жеке басар бийликке умтулуп, тегерегине өз кишилерин жыйноого умтулуусунан көрүшөт.

Калкка карата үрөй учурган ырайымсыздык аркылуу бул кишилер өздөрүнө карата болжолдуу эркиндикти, кол тийбестик жана өз пикирине ээ болуу укугун алышты.

Эгерде 1930-жылы обком секретарлары жана республикалык БКнын жетекчилеринин 69 пайызы революцияга чейинки партиялык тажрыйбага ээ болгон болсо, 1939-жылдан киийн 80,5% Лениндин өлүмүнөн кийин партияга киргендер бийлик башына келген.

1939-жылы өткөн Бүткүл союздук коммунисттик партиянын XVII курултайы расмий түрдө «жеңүүчүлөр курултайы» деп аталганы менен иш жүзүндө «кол үзгөндөрдүн курултайына» айланып калды. Анткени 1 956 делегаттын 1 108и, БКга шайланган 139 мүчөсүнүн 97си атууга кетип, бешөө өзүн өзү өлтүргөн.

Экинчиден, Сталин чоң согуштун алдында өлкөнү «тазалоодон» өткөрүүнү чечкен деген да пикир бар. Жынтыгында карасак, террор максатына жеткен эмес. Маалыматтарга караганда, согуш учурунда миллионго чейинки советтик жарандар колундагы куралы менен душмандашкан тарапка өтүп кетишкен.

Бирок азыркы иликтөөчүлөр бул кырдаалды ар кандай көрүшөт. Үчүнчү тапшырма, калкты темирдей тартипте кармап, баш көтөрбөй эмгектенүүгө мажбурлоо, ал эмгек пайдалуу үчүн эмес, мамлекетке керек үчүн иштөө керек дегенге көндүрүү болгон.

Согушка чейинки жети жыл ичинде СССРдеги абак жайларында болжолу 6 млн киши жазасын өтөгөн. Алардын арасында «эл душмандары» менен башка кылмыш менен соттолгондордун саны болжолу бирдей эле.

Соттолгондордун 57 пайызын эмгек нормасын аткарбагандар, мүлккө зыянын тийгизгендер жана башка ушул сыяктуу кылмыш менен кесилгендер түзгөн.

1937-жылдан кийин Сталин «шедевр» мамлекетти кура алды, бирок ал мамлекет өзүнүн куруучусунан узак жашай алган жок. (AbA)

www.bbc.com

Кыргызстан "7-апрель элдик революция күнүн" белгилеп жатат

Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстанда 7-апрель элдик революциясына арналган иш чаралар өтүүдө. Эртең менен президент А. Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилери «Ата-Бейитке» барып куран окушту, андан кийин Ала-Тоо аянтындагы алты жыл мурдагы окуяда курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскеришти.

Бул иш чарага ошондой эле кандуу окуяда курман болгондордун жакындары, апрель революциясынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеӊеш бир күн мурда 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алды.

Демилгечилердин бири депутат Рыскелди Момбековдун берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу алты жыл мурда болгон революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө сунушталган.

2016-жылдын 4-апрелинде Президент Атамбаевдин “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыгын чыгарды.

Ага ылайык, 17-март жыл сайын белгиленүүчү “Аксы окуяларынын күнү” деп, 24-март “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыяланды.

Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара эң сүйкүмдүү, шаӊдуу майрамга айланат. Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот."Президент Алмазбек Атамбаев

Ал эми 7-апрель – «Элдик Апрель революциясы күнү» катары Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталган.

"Ыйык майрамдардын бири болот"

Президент Атамбаев 6-апрелде Элге кайрылуу жасап, "бул ыйык күндөрдү да сасык саясий оюнга айлантам дегендер аз эмес" деп белгилеп, кайгы менен муңга толгон күн кантип майрам болот дегендерге жооп берген.

"Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак. Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт. Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң шаңдуу, эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет. Мисалы, Францияда Бастилия чебинин алыныш күнү, бир катар мурдагы совет өлкөлөрүндө 9-май Жеңиш күнү жана башка ушуга окшогон күндөр дээрлик ар бир мамлекетте бар. Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара эң сүйкүмдүү, шаӊдуу майрамга айланат. Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот",-деп билдирген президент Алмазбек Атамбаев.

Соттук териштирүүнүн аягы көрүнбөйт

2010-жылы Кыргызстанда көп миңдеген адамдар ошол учурдагы президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетип, Беларуска барып баш калка тапкан.

Ак үйдүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.

2010-жылы бийлик алмашууга алып келген кандуу окуялардын ак-карасы ажыратуу боюнча соттук иштер алты жыл өтсө да бүтө элек. Өкмөт үйүнүн алдында кан төгүлгөн окуя боюнча айыпталгандардын иши азыр соттун экинчи инстанциясында каралууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption Апрель революциясында Өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга ок атылып, кан төгүлүп, сексенге жакын адам курман болгон.

Соттун биринчи инстанциясы бул ишти үч жарым жыл карады. Байкоочулар соттук териштирүү ар тараптан кысым болгон оор шарттарда өтүп жатканын, көп жагдайлар аныкталбаганын белгилеп, ошол себептүү анын объективдүү бүтөөрүнө көз жетпейт деп келатышат.

Оппозициянын планы

Апрель революциясында бийликке келген күчтөр бүгүн өздөрү кайрадан жаңы оппозициянын сын дооматына кабылууда. Президент Атамбаевди анын каршылаштары мурдакы бийликтин каталарын кайталап, оппозицияга куугунтук салууда деп жатышат.

Бийликти күч менен кулатуу планы боюнча шектелип, оппозициядагы үч саясатчы камакка алынганына аз эле күн болду. Президент Атамбаев өз кезегинде аларды оппозиция эмес, “эл бузарлар” деп атап, алардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтууда.

Ал ортодо бир катар активисттер бийлик менен оппозициянын ортосунда орточулук кылып, эки тарапты сүйлөшүүгө көндүрүп, жолугушууларды уюштурууда. (КС)

www.bbc.com

Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө

Сүрөттүн автордук укугу b Image caption Жол эрежесин бузган айдоочуларга катуу эскертүү берилип, бирок айдоочуларды айыпка тарткандын ордуна кайра аларга калпак кийгизип, жол эрежелерин бекем сактоо убадаларын алышты.

Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө. Коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде бүгүн ак калпак кийгендердин саны көп.

Жыл сайын 5-март күнү улуттук баш кийимди даңазалоо иш-чаралары жаштар тарабынан активдүү өткөрүлүп келатат. Быйыл Ош шаарында облустук жол кайгуул кызматы менен “Азем” маданий борбору биргеликте ак калпак күнүнө карата атайын акция өткөрдү.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга катуу эскертүү берилип, бирок айдоочуларды айыпка тарткандын ордуна кайра аларга калпак кийгизип, жол эрежелерин бекем сактоо убадаларын алышты.

Image caption Акциянын демилгечиси “Азем” маданий борборунун жетекчиси Эрнист Кулназаров.

Акциянын демилгечиси аталган маданий борбордун жетекчиси Эрнист Кулназаров, “Өлкөдө жол эрежелерине байланышкан маселе улам курчуп, кырсыктар көп катталып жатканда жакшылыктын бир жышааны болсун, кырсыктар азайсын деп, айдоочуларга ак калпак кийгизип, ак жол каалап жатабыз. Бул бир жагы улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты даңазалоо, анын жөн гана улуттук баш кийим эмес, улутубуздун, маданиятыбыздын сыймыгы экенин жаштарга айтып берүү, даңазалоо болууда”,-дейт.

Эске салсак, режиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен мындан төрт жыл мурун 5-март ак калпак күнү катары белгиленип баштаган. Мамлекеттик расмий майрам катары белгилөнү өтүнүшкөн бирок мамлекет жооп бере элек.

Жыл сайын бул күнү иш кеңселеринде, көчөдө, жумушта, коомдук унааларда калпакчандардын саны арбып барат.

www.bbc.com